Асыл тукум малды туура тандоо сүттү 20-25%га көбөйтүүгө жардам берет

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы фермерлерди мал чарбачылыктан жогорку киреше алуу үчүн асыл тукум малды көбөйтүүгө жана заманбап технологияларды пайдаланууга чакырды.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- Асыл тукум букалардын илимий жактан негизделген селекциясын жүргүзүү;
- Жасалма уруктандыруу технологиясын кеңири жайылтуу;
- Жогорку сапаттагы жана жетиштүү тоют менен камсыз кылуу;
- Малды так эсепке алуу.
Адистердин айтымында, Асыл тукум малды туура пайдалануу ар бир уйдун жылдык сүтүн 20-25% көбөйтүп, дыйкандардын кирешесин кыйла көбөйтүүгө болот.
Маселен, “Чабрец” плем заводундагы швиц породасындагы “Заноза”, “Зорка”, “Блондинка” жана “Зелень” аттуу уйлар 305 күндө 9 миң литрден ашык сүт берген. Бул жыйынтык Кыргызстанда сүт багытындагы мал чарбасын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт.
Белгиленгендей, мал чарбачылыгы менен алектенүүнү каалагандарга жергиликтүү уруктандыруучу техникке кайрылып, жасалма уруктандырууну колдонуу сунушталат.