Быйыл саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат 49 млрд сомдон ашты

2025-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат 49 млрд сомдон ашты. Бул туруалуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында саламаттык сактоо тармагына каралган бюджет дээрлик эки эсе көбөйгөн.
Алсак:
- 2021-жылы – 21 млрд сом;
- 2022-жылы – 32,4 млрд сом;
- 2023-жылы – 38,8 млрд сом;
- 2024-жылы – 40,4 млрд сом;
- 2025-жылы – 49 млрд сомдон ашкан.
“Бул – медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң салым”, – деп айтылат маалыматта.