Баткенде күз-кыш мезгилине даярдыктар башталды
Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, облустук штаб жер-жерлерде кышка камылга белгиленген планга ылайык жүргүзүүдө.
Учурда штабдын мүчөлөрү район-шаар, айыл аймактарда, социалдык жана административдик объекттердин от казандарынын жана жылытуу системаларынын даярдыгын, көмүр камдоо иштерин жеринде көрүүдө.
Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында, Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда аныкталган айрым кемчиликтерди жоюу, сапаттуу даярдык көрүү, социалдык жана өндүрүш объектилерин электр энергия жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо жагы тапшырылды.
Жергиликтүү бийлик жана мекеме жетекчилерин көмүр шахталары менен келишимдин негизинде ыкчам иш алып баруу, калкты көмүр менен камсыз кылуу, көмүр базаларын ачуу жана көмүр баасын туруктуу кармоо тапшырмасы берилди.
Облустагы социалдык тармактагы жалпы 707 объекттин 570и көмүр менен, 176 объект электр энергиясы менен, 6 объект “Кызыл-Кыя жылуулук” ЖЭБден жылуулук алып жатат.