Ошто 150 орундуу жаңы перинаталдык борбор курулат

Саламаттык сактоо министрлигинде «Чайна Роуд» курулуш компаниясы менен Ош шаарындагы Областтар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында Перинаталдык борбор куруу боюнча келишимге кол коюлду. Курулуштун болжолдуу мөөнөтү — 2,5 жыл.
КР Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов белгилегендей:
«Биз подряддык уюмдан бардык техникалык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоону күтөбүз. Куруу иштери жогорку деңгээлде аткарылып, объект белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилүүгө тийиш. Министрлик курулуштун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөйт».