Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери ачылды

Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине карата Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери жана конок тосууга ылайык курулган атайын жай салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Алымбек датканын урпактары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Эльчибек Джантаев:
“Алымбек жана Курманжан даткаларыбыз — кыргыздын нарктуу инсандары. Алар тарыхта эбегейсиз эмгек сиңирип, мекенге кызмат кылуунун чыныгы үлгүсүн көрсөтүп, өз заманынын залкарлары болушкан. Учурда бул эки улуу инсандын эстеликтеринин ачылышы кыргыз элинин баатырдыгын, акылмандыгын жана эрдигин жаш муундарга жеткирүүдө чоң роль ойнойт. Даткалардын басып өткөн жолу жаштардын патриоттук рухун көтөрүүгө, биримдикти бекемдөөгө, элибиздин маданий мурасын сактоого өбөлгө болот. Бул — ар бирибиз үчүн тарых, жаш муундар үчүн өрнөк, мекен үчүн кызмат кылуунун эң чоң үлгүсү.” — деп белгиледи.
Конок тосуучу жайда төмөнкү шарттар түзүлгөн:
– Тамактануучу жай;
– Намазкана;
– Фотозона — туристтер үчүн эсте калаарлык сүрөткө түшүүчү атайын жасалгаланган аймак;
– Терраса — тоо көрүнүшүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк берген аянтча;
– Эс алуу зонасы — отургучтар жана көлөкөлүү жайлар менен камсыздалган;
– Санитардык талаптарга жооп берген ажаткана.
Ошондой эле, Чыйырчык ашуусунан Алай районунун борборуна кире беришке чейинки 9,5 км жол толук жарыктандырылды. Бул багыттагы иштердин сметалык баасы 9 725 113 сомду түзүп, анын 5 млн сому Алай райондук өнүктүрүү фондунан, 4 725 113 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Связанный пост