Кыргызстандын туризм тармагында төрт мезгилге ылайыкталган шарттар түзүлүүдө

 Кыргызстандын туризм тармагында төрт мезгилге ылайыкталган шарттар түзүлүүдө

Туризм департаменти жыл сайын туристтердин агымын 10% көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган бөлүмдүн башчысы Эрденет Касымов билдирди.

Ал белгилегендей, аэропорттор менен жолдор курулуп, 5 жылдыздуу мейманканалар, эс алуу зоналары ачылып, коруктар, жаратылыш парктары жана башка ушул сыяктуулар курулуп жатат.

“Туристтер үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, рынокту диверсификациялоону айталы. Туристтердин негизги агымы жай мезгилинде келет, учурда жылдын башка мезгилдеринде дагы өлкөбүзгө туристтерди жигердүү келүүгө тартуунун үстүндө иштеп жатабыз. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча кабыл алынган программанын алкагында мамлекет башчысы мамлекеттин келечеги өндүрүш жана туризмде экенин белгиледи.

Буга байланыштуу туризм тармагында мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, туризм рыногун жакшыртуу, санариптештирүү аркылуу заманбап жашыл технологияларды жайылтуу, айлана-чөйрөнү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, аймактарды өнүктүрүү жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо сыяктуу иш-чараларды камтыган 2030-жылга чейин аталган программаны ишке ашыруу планы иштелип жатат», – деди ал.

Касымовдун айтымында, акыркы жарым жылда туризм тармагынын ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү 4,3% түздү.

“2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 7%га жеткирүүнү пландап жатабыз. Өлкө боюнча “40 райондо 40 туристтик долбоор” программасы ишке ашырыла баштады. Бүгүнкү күндө туристтик объектилердин саны 63кө жетти. Алардын көбү иштей баштады, калган 22си жылдын аягына чейин иштей баштайт”, – деди ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост