Ошто тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү

Ош шаарында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагындагы тегерек стол өттү.
Иш-чара президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова тарабынан президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаев менен биргеликте уюштурулган.
Тегерек столго министрликтердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, ошондой эле БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александра Соловьёва, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Кожиро Накай, Токой секторундагы кызматташтык боюнча Азия уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Айдай Жумашева жана ЕККУ, ФАО, GIZ, JICAнын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө айыл чарба, жашыл экономика, аялдар жана жаштар ишкердиги, туризм, адамдык потенциалды өнүктүрүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөр жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган долбоорлор тааныштырылды.
Анын ичинде жээк бекемдөө иштери үчүн габион конструкцияларын натыйжалуу пайдалануунун, ошондой эле агротокой чарбасынын тажрыйбасын колдонуунун мисалдары көрсөтүлдү.
Тармактык министрликтердин өкүлдөрү Тоолуу беш жылдыктын Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришти. Экономика жана коммерция министрлиги жергиликтүү калктын өнүктүрүү фонддору жана башка колдоо механизмдери аркылуу финансылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды тааныштырышты. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жайыттарды калыбына келтирүү жана тоолуу аймактарда органикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.