Лейлектин кургатылган өрүгү Япония менен Америкага экспорттолууда

 Лейлектин кургатылган өрүгү Япония менен Америкага экспорттолууда

Лейлек районуна караштуу Достук айылындагы “Достук-Кадырбек” айыл чарба кооперативи быйылкы жылы дагы өрүктөн жогорку түшүмгө жетишти.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, министрликтин колдоосу жана жүргүзүлгөн лабораториялык анализдердин жыйынтыгында өсүмдүктөргө керектүү азык-заттар убагында берилген.

Натыйжада түшүмдүүлүк 2023-2024-жылдарга салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Кооператив жалпы 6 гектар аянттан 16,5 тонна кургатылган өрүк алып, ички жана тышкы рынокко чыгарууга даярдап жатат.

Кооперативдин продукциясы буга чейин да Америка жана Японияга экспорттолгон.

Учурда болсо кооператив «3+2+1» долбоорунун алкагында иш алып барып, жакшы натыйжаларга жетишүүдө.

Эске сала кетсек, дыйканчылыктын мыкты көрсөткүчтөрүнүн негизинде Кабылбек Эргашев 2025-жылдын январь айында өткөн министрликтин “Агродиалог” иш-чарасында өрүк өстүрүү боюнча “Чемпион дыйкан” сыйлыгына татыктуу болуп, үлгүлүү дыйкандардын катарын толуктаган.

Связанный пост