Энергетика министрлиги кытайлык өнөр жай жана соода компаниясы менен кызматташат

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында энергетика министри Таалайбек Ибраев жана министрликке караштуу бир катар ишканалардын жетекчилери «Ганьсу өнөр- жай жана соода компаниясы Иньди» ЖЧКнын өкүлү Чжао Юншен менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан барган энергокомпаниянын жетекчилери жылына 1 млн тоннадан ашык өндүрүштүк кубаттуулугу бар «Ганьсу өнөр-жай жана соода компаниясы Иньди» ЖЧКнын ишмердүүлүгү жана курулуш объектилери менен таанышып, көмүр өндүрүү, ташуу жана байытуу боюнча заманбап технологиялар колдонулган ишканалар, турак жай комплекси, транспорттук инфраструктура, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча ирий долбоорлордун бар экендигине күбө болушту.
Жыйынтыгында энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусу менен «Электр станциялар» ААК, «Кыргызкөмүр» ААК жана «Ганьсу өнөр-жай жана соода компаниясы Иньди» ЖЧКнын ортосунда көмүр тармагында кызматташуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Маалымат үчүн: Gansu Yindi Industry and Trade (Group) Co., Ltd. – 2006-жылдын март айында түзүлгөн, уставдык капиталы 126,6 млн юань болгон компания. Ал Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Байинь шаарынын Пинчуань районундагы экономикалык өнүктүрүү зонасында жайгашкан. Бүгүнкү күндө компанияда 1000ден ашуун кызматкер эмгектенет, алардын ичинде 50дөн ашуун жогорку жетекчилер, 100дөн ашуун техникалык адистер бар. Жылдык кирешеси 100 млн юандан ашат.