Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты бир учурда реконструкцияланат

Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегатын бир учурда реконструкциялоо боюнча кошумча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 3-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев China National Electric Engineering Co.,LTD компаниясынын президенти Ян Вэнхуа менен жолугушту.

Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, ири долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жана «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорунун жүрүшү талкууланды.

Белгилей кетсек, аталган ГЭСти реконструкциялоо иштери Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүп, жалпы 4 гидроагрегатты жаңылоо каралган. 2024-жылы биринчи гидроагрегат алмаштырылып, кубаттуулугу 45 МВттан 54 МВтка жогорулаган. Экинчи гидроагрегат 2025-жылдын март айында реконструкцияга берилген. Азыркы тапта иштердин 65 пайызы аткарылып, калган бөлүгү улантылып жатат.

Ал эми 2026-жылы калган эки гидроагрегат бир учурда алмаштырылат. Бул ыкма ГЭСтин кубаттуулугун кошумча 18 МВтка жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул кадам өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана электр энергиясына болгон муктаждыкты кыскартуу максатын көздөйт.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорунун алкагында эки гидроагрегатты бир убакта алмаштыруу боюнча кошумча келишимге “Электр станциялар” ААКнын башкы директору А. Садыров, China National Electric Engineering Co., LTD компаниясынын башкы директордун орун басары Ян Бо кол коюшту.

Связанный пост