Республикада 381,5 миң тонна картошка жыйналды
Республикада бүгүнкү күнгө карата 381,5 миң тонна картошка жыйналды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда өлкө боюнча картошканы казып алуу жана жыйноо жумуштары уланууда. Ыкчам маалыматтарга ылайык, картошканын эрте жана орто эрте бышкан сорттору 23,1 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 381,5 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 165,3 центнерди түзүүдө.
Белгиленгендей, эң жогорку түшүмдүүлүк Ысык-Көл облусунда байкалууда – орточо эсеп менен гектарынан 200 центнерден түшүм алынууда.
Учурда картошка казуу жумуштары Нарын облусунун Кочкор районунда башталды. Дыйкандардын айтымында, учурда 1 гектардан орточо эсеп менен 180–200 центнерге чейин түшүм алынууда. Аталган райондо картошканын «Джелли» жана «Актриса» сорттору жыйналууда.
Жалпылап айтканда, республика боюнча картошканын жыйналуучу жалпы аянты 64,6 миң гектарды түзөт.