Өлкөдө чакан жана орто ишкерлерге 76,5 млн сом насыя берилди
Өлкөдө чакан жана орто ишкердик субъекттерине 76,57 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүүгө дем берүү, жакырчылыкты кыскартуу, региондорду, жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө”долбоору бекитилген.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 2025-жылга 500 млн сом суммасын түзөт.
Ошентип, 21-августка карата бул долбоордун алкагында 26 субъектке 76,57 млн сом суммасында каржылоо кредиттери каржыланды.