Күзөт кызматындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду
Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүндөгү туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаранын натыйжасында Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилигинин күзөт полкунун катардагы кызматкерлеринен системалуу түрдө акча чогултуусу боюнча коррупциялык схемалар аныкталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган бөлүмдүн айрым жетекчилери көп жылдар бою карамагындагы кызматкерлерден коммерциялык объектилерде күзөт кызматын көрсөтүү боюнча кызматтык кошумча иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн акча алып келгендиги боюнча далилдер алынган. Кызматкерлер расмий түрдө кошумча кызматтык айлык акы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн кирешесинин бир бөлүгүн абийирсиз жетекчиликке өткөрүп берүүгө аргасыз болуп келишкен.
Опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 27-августунда КР ИИМдин күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май районунун күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Б.Г. 110 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.
Ошондой эле бул коррупциялык схемага Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы О.С.С.тин катыштыгы бар экендиги аныкталган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 46 миң АКШ доллары жана 5 млн 890 миң сом акча каражаттары табылып, шектүү алардын келип чыгышын түшүндүрө алган эмес. Ошондой эле 9х17 мм калибриндеги 32 даана эсепке алынбай калган ок-дарылар табылган.
Мындан тышкары, бөлүмдүн улук инспектору Ч.Б.К. жана взводдун командири М.Э.Т. аталган коррупциялык схемаларга катыштуулугу боюнча шектүү катары кармалышты.
Кармалгандардын баары УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.