Садыр Жапаров: Жаңы Кыргызстанды курууга көңүл коюшубуз керек
“Биз ар бир жарандын жан дүйнөсүнүн тазалыгы, руханий дүйнөсүнүн байлыгы, адамгерчилиги, меймандостугу, пейилинин кеңдиги, билиминин тереңдиги менен өзгөчөлөнгөн жаңы Кыргызстанды курууга көңүл коюшубуз керек”, – деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад шаарында облустун жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышында кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жатып.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Жүрөгү “Кыргызстан” деп соккон алыс-жакындагы ардактуу мекендештер!
Урматтуу жалал-абаддык агайын-туугандар!
Эгемендик майрамынын кадырлуу меймандары!
Бүгүн жети миллиондон ашуун эли бар, жети дубан жери бар, жети ата өткөн наркын сактаган, “Жетинин бири – Кызыр” деп салтын барктаган жалпы кыргыз элимди ыйык Эгемендик майрамы менен Улуу Жибек Жолунун боюнда, айтылуу Аюб-Тоонун оюнда жайгашкан Жалал-Абад шаарында куттуктоо насиби мага буюрган экен. Эгемендик, эркиндик, азаттык дегенибизде эсибизге эң оболу ар бир мекенчил атуулдун жүрөгүн элжиреткен кызыл туубуз эсибизге келет.
Эгемендиктин эң башкы белгиси, ынтымак-биримдиктин тиреги, атуулдук ариет менен ар-намыстын өзөгү болуп келаткан туубуз ар дайым көкөлөй берсин!
Эгемендик майрамыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!
Ардактуу мекендештер!
Эгемендик майрамын ар жылы ар дубанда белгилеп, буга чейин берекелүү Чүй боорунда, ордолуу Ош шаарында өткөрүп келсек, быйыл Кыргызстандын Көз карандысыздык майрамын күн сайын кулпуруп бараткан Жалал-Абад шаарында белгилеп олтурабыз. Ар бир облуста өткөрүү чечими – мамлекетибиздин жети облусуна бирдей көңүл бурулуп жаткандыгынын, борбор – аймак деп бөлбөй, бир бүтүн, эгемен өлкө экенибизди даңазалоонун далили. Кудай буюрса, кийинки жылы 35 жылдыкты Талас облусунда өткөрөбүз.
Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу деп айтып келебиз. Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай күрөшүп келген мына ошол ата-бабаларыбыздын эрдиги менен элесин эч качан эстен чыгарбайбыз!
“Өлбөй тирүү жүргөндө, не мураска жетейин, Калкым кыргыз, сен үчүн курман болуп кетейин”,- деп Айкөл Манас атабыздан калган ураанды туу тутуп, бел чечпей, бүткүл өмүрүн эл четинде, жоо бетинде өткөргөн Курманбек, Жаныш-Байыш, Кокон хандыгына таасири күч Нүсүп бий сыяктуу элдин таалайына бүткөн баатырларыбыз ошол кызыл туубузду бийик көкөлөтүп бизге жеткирип келишкени жакшы белгилүү.
Бүгүн Көз карандысыздык майрамы белгиленип жатканда Кыргызстандын эгемендиги үчүн өмүрүн арнаган улуу инсандарды: мамлекеттүүлүктү түптөөчүлөрдү, Советтер Союзунун Баатырларын, элибиздин тарыхын таамай жазган кара сөздүн чеберлерин, эл баатырларын, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерди, эл өкүлдөрүн даңктап-даңазалап, кийинки муундун көкүрөгүнө сиңирүүбүз кажет. Себеби алардын Ата Мекендин көз карандысыздыгы үчүн жасаган иштери, эли-журтунун келечеги жана эркиндиги үчүн өтөгөн эмгеги – бүгүнкү эгемендигибиздин руханий пайдубалы!
Жалал-Абад дубаны – береке төгүлгөн жери, дартка даба булактары, керемет табияты менен мүлдө кыргыз сыймыктана турган куттуу жер, таалайыбызга таасын баатырларды жазган ыйык аймак. Мындан сырткары, Түрк мамлекеттер уюмунун саммити 2025-жылы “Жалал-Абад шаары – жалпы түрк дүйнөсүнүн туризм борбору” деп жарыялангандыгын да эске сала кетейин. Бул дагы бекеринен болбосо керек. Жалал-Абад – табияттын керемет сырларын бойго сиңирген касиеттүү жер. Бул чөлкөмдүн ар бир булагы, ар бир ташы – кыргыз элинин руханий жана жаратылыш байлыгынын күбөсү. Бул өрөөнгө кадам таштаган адамды асман тиреген тоолору, мөлтүр булактары, меймандос эли өзүнө арбайт. Дүйнөгө белгилүү жайкалган Арсланбаб жаңгак токоюсуз Жалал-Абадды сөз кылууга мүмкүн эмес. Ар бир дарагы дубандын тарыхын күбөлөгөн жаңгак токою, кооз шаркыратмасы, таза абасы туристтердин сүйүктүү жайына айланган. Табияттын дагы бир керемети Падыша-Ата капчыгайы көз жоосун алса, Орто кылымдагы архитектурасы, оюм-чиймелери менен айырмаланган Шах-Фазил комплекси, касиеттүү мазарлары жана уламыштары менен белгилүү Сафед-Булан айылы зыяратчыларды өзүнө тартып турат.
Урматтуу мекендештер!
Биз ошол аталар аманат кылып калтырган Ата Мекенди кийинки урпактарга бир укум жерин кемитпей өткөрүп берүү максатында жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз. Быйыл көз каранды эместиктин 34 жылдыгын белгилеп жатып, Кыргыз Республикасынын бардык чек арасы такталып бүткөндүгүн баса белгилеп айта кетейин.
Өткөн жылы Кара-кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата жүздөн ашуун социалдык жана өндүрүш объектилерин ишке киргизсек, мына быйыл Көз карандысыздык майрамынын 34 жылдыгына карата кечээ дагы 100 социалдык жана 60тан ашуун өндүрүш объектисин ишке киргиздик. Алар, албетте, өлкө экономикасына дем берип, элдин жашоосун жакшыртууга чоң салым кошот.
Быйыл жылдын 7 айын мисалга тарта турган болсом, ички дүң продукциянын көлөмү 865,2 млрд сомду түзүп, 11,5 пайызга көбөйдү. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан чак. 2025-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча курулуштун өсүү темпи 137,8 пайыз болгонун баса белгилеп айта кетейин.
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жети облуста тең үйгө муктаж жарандарыбызга үй куруп берүү саясатыбыз өз жолунда кетип баратат. Салынып бүткөн үйлөр кезекке турган жарандарыбызга четинен тапшырылууда.
Аймактарда да маанилүү иштер жүрүүдө. Биз турган Жалал-Абад облусунда жол, энергетика, өндүрүш тармактарында болобу же башкаруу түзүмүндө болобу, дээрлик бардык тармактарда өнүгүү бар. Облустун борбору болгон Жалал-Абад шаарындагы өзгөрүүлөрдү өзүңүздөр көрүп жатасыздар.
Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу маселеси ийгиликтүү ишке ашып келет. Мындан сырткары, “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу облустун стратегиялык маанисин арттырат. Дегеле жалпы эле аймактардагы аэропорттордун реконструкцияланышы, эл аралык аэропорттордун салынышы менен катар ИКАОнун – Эл аралык жарандык авиация уюмунун 2024-жылдагы аудитинин жыйынтыгы да сөз кылууга арзыйт. Анда Кыргыз Республикасынын авиация коопсуздугунун маанилүү элементтерине шайкеш келүү көрсөткүчү 85,76% деп бааланып, кемчиликсиз жыйынтыкталды. Бул биздин авиация тармагында жүргүзүлгөн реформалардын эл аралык деңгээлде таанылганын ырастайт. Мындай ийгилигибизди Эгемендик майрамыбызда жар салууга негиз бар деп эсептейм.
Ал эми Жалал-Абад облусунун, Жалал-Абад шаарынын, шаардык кеңештин символикалык белгиси катары административдик имараттын ачылышы – аткарылып жаткан арымдуу иш-аракеттердин дагы бир айкын мисалы.
Эң биринчи эле бул административдик имарат Жалал-Абад шаарынын архитектуралык көркү катары тарыхый багыт болуп, облустагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн далили катары кызмат кылат. Ошону менен бирге, облустагы башкаруу бийлик өкүлдөрүнүн натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылат. Башкача айтканда, бир жерде биримдикте, тыгыз алакада иш алпаруу менен бардык ведомстволордун ишмердигинин сапаты артат. Бул облустун туруктуу өсүп-өнүгүүсүн шарттайт.
Мында иштеген мамлекеттик кызматкерлер, сиздер дубандын, шаардын өнүгүүсүн камсыз кылуучу, эң маанилүү чечимдерди ишке ашыра турган, демилгелүү идеяларды көтөрүп, дымактуу пландарды түзүп, чоң өзгөрүүлөргө умтулган негизги кыймылдаткыч күч болуп эсептелесиздер. Ар бириңиздер облустун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошо аларыңарды унутпаңыздар. Сиздердин ишиңиздер чоң миссиянын – жаңы Кыргызстанды куруу, өлкөбүздү күчтүү мамлекетке айландыруунун бир бөлүгү болуп саналат.
Кымбаттуу жалал-абаддык агайын-туугандар, жаңы имаратыңыздар ак жолтой болуп, тагдыр чечер чоң-чоң идеялар демилгеленип, маанилүү чечимдер кабыл алына турган куттуу жайга айлансын!
Урматтуу мекендештер!
Ошентип, бийликтин жасап жаткан алгылыктуу иштерин жалпы журтубуз дагы ишеним артып колдоп-коштоп келишүүдө. Стратегиялык демилгелер институтунун маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын алты айындагы жыйынтык боюнча, элибиздин мамлекеттик органдарга болгон ишеним индекси 42,8 баллды түздү. Ал эми эл аралык аренада Кыргызстан өзүнүн кадыр-баркын чыңдап, коңшу жана өнөктөш мамлекеттер менен жаңы деңгээлдеги кызматташуулар өз жыйынтыгын берип келатканы белгилүү.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай, быйыл өлкөбүздүн токой тармагынын тарыхында биринчи жолу токой чарбалары көчөт жана жыгач материалдарын сатуу, калкка кызмат көрсөтүү сыяктуу киреше булактарынан, башкача айтканда, өздүк атайын каражаттарынын эсебинен токой чарба кызматкерлеринин тоо- таштарга баруусуна жөндөмдүү болгон жалпы 30 даана ЖАК Т8 (JAC Т8) үлгүсүндөгү автоунаа сатып алышты.
Быйыл Эгемендигибиздин 34 жылдыгына карата республика боюнча бардык айыл өкмөттөрүнө лизинг жолу менен автоунааларды тапшыруу чечими кабыл алынды. Бул жергиликтүү бийликтин элге кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатат деп ишенем. Ошентип, аймактарыбызды өнүктүрсөк, мамлекетибиз күчтөнөт.
Урматтуу агайын-туугандар!
Биздин алдыбызда мындан дагы чоң максаттар турат. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды. Бул стратегиялык документ өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдиги менен ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган.
2030-жылга чейин өнүгүү программасы аркылуу мамлекеттик ресурсту реалдуу, эл сезе турган натыйжаларга жетебиз. Буюрса, мамлекеттин иш-аракеттеринин натыйжасы элдин күнүмдүк жашоосундагы өзгөрүүлөр аркылуу көрүнөт. Улуттук программанын ийгилиги биздин биримдигибизден жана ар бирибиздин салым кошууга болгон даярдыгыбыздан көз каранды.
Ийгиликтерге жетишүү үчүн мамлекет да, коом да, ар бир жараныбыз да өз салымын кошууга тийиш. Айрыкча элдин жүгүн көтөрөм деп мамлекеттик кызматты тандаган кесип ээлери, эл арасында болуп, өнүгүүнүн темпине темп кошуп, ыкчам-ыкчам аракеттери менен улуттук программада белгиленген максаттарыбыздын ишке ашуусу үчүн тыным албай иштөөсү абзел!
Учурда биз жети облусту өнүктүрүү максаты менен катар, өлкөбүздүн тагдырын өзгөртө турган кылым долбоорлорун ишке ашыруу аракетиндебиз. Энергетикалык коопсуздугубузду бекемдеп, Кыргызстанды Борбор Азиянын энергетикалык борборуна айландыра турган, мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу көңүл чордонубузда.
Ал эми Чыгыш жана Батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүп, кадимки Улуу Жибек жолунун тарыхый демин калыбына келтире турган, Кыргызстанды дүйнөлүк транзиттик жолдордун борборуна алпара турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу дал ушул Жалал-Абад аркылуу өтө турганын жакшы билесиздер.
Ошондой эле кечээ жакында тышкы дүйнө менен байланышты чыңдоону, улуттук экономиканын өсүшүн жана туристтик агымды камсыз кыла турган “Бедел” жолун өз күчүбүзгө таянып, өз каражатыбызга курууга бел байладык. Буюрса, Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, Кытай жана Европа сыяктуу дүйнөлүк ири рынокторго жол ача турган бул долбоорду дагы аягына чыгарабыз.
Өлкөбүздүн жалпы тоо-кен тармагындагы өндүрүш, анын ичинде Кумтөр кенин иштетүү жаңы нукка түштү. Тоо кендерибиз элибиздин бакубат келечеги үчүн экономикалык эң чоң күч болуп жатканын баса белгилейм. Мындан ары биздин кен-байлыктарыбыздын баарын Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетебиз.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз. Конституциялык реформа бийликтин архитектурасын өзгөрттү, экономикада жигердүү өсүштүн белгилери байкалып, коомдук турмуш турукташты.
Көп векторлуу тышкы саясат жолго коюлду. Бардык тармакта тартип орноп, жаркын келечекке, өнүгүүгө жол ачылды. Натыйжада жарандардын мамлекетке болгон ишеними кайтып келди. Башкача айтканда, кайсыл гана чөйрөнү алба, көзгө көрүнөрлүк иштерибиз арбыды, азыр да жүрүп жатат.
Бүгүнкү күнгө чейин кооз, бийик имараттарды, жаркыраган жолдорду, жаңы ишканаларды салууну жолго койдук. Эми ар бир жарандын жан дүйнөсүнүн тазалыгы, руханий дүйнөсүнүн байлыгы, адамгерчилиги, меймандостугу, пейилинин кеңдиги, билиминин тереңдиги менен өзгөчөлөнгөн жаңы Кыргызстанды курууга көңүл бурушубуз керек. “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” алгачкы Жарлыгыман тарта “Уңгу жол” сыяктуу концепциялардын өзөккү максаттарын ишке ашыруубуз зарыл.
Тээ байыркы ата-бабалардан бери келаткан нарк-насил, каада-салтыбызды азыркы заманбап илим-билимге жуурулуштуруп, жаңы кыргыз мүнөзүн жаратууга мезгил жетти. Мындан аркы аракетибиз дал ушул багытта болмокчу.
Ар бир кыргыз жараны өз Мекенинде да, чет жерде да башын бийик көтөрүп, Эгемен Кыргызстандын жараны экенин сыймыктануу айтып жүрүшү шарт. Ошол эле маалда ар бирибиз көз карандысыздыкты көзүбүздүн карегиндей сактоого милдеттүү экенибизди эзели эсибизден чыгарбайлы. Эгемендик майрамыбызды ар жылы белгиленчү майрам катары эмес, аны маани-маңызын, кадыр-баркын сезип-билип, жан дилибиз менен кабылдайлы.
Эгемендик – бул Жараткан ыроологон ырыскы, бабалар калтырган аманат жана ошону менен бирге чоң жоопкерчилик! Ар бирибиз Ата Мекен үчүн ак, так кызмат өтөп, аны кийинки муундарга өткөрүп беришибиз парз. Бардык этностун өкүлдөрү Кыргызстанды “Мекеним!” деп жүрөгү менен сүйүп, анын ысык-суугуна күйүп, кызыл байрагын булгалап, даңктап-даңазалай берсин!
Келиңиздер, ынтымагыбызды чыңдап, күчүбүздү бириктирип, жаңы Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошолу!
Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!
Жараткан өзү элибизге, жерибизге жар болсун!”