Адылбек Касымалиев: Жети айда ИДПнын көлөмү 865 млрд сомдон ашты

Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2025-жылдын ичинде бир да жолу 10 пайыздан төмөн болгон жок, – деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы Валентина Терешкова мектебинин ачылыш аземинде.
Анын айтымында, акыркы 7 айдагы өсүү темпибиз 11,5 пайызды түздү, номиналдык жактан 865 млрд сомдон аштык.
“Ички дүң продукциясы 2025-жылдын ичинде бир да жолу 10 пайыздан төмөн болгон жок. Акыркы 7 айдагы өсүү темпибиз 11,5 пайызды түздү, номиналдык жактан 865 млрд сомдон аштык. Консолидацияланган бюджетибиз боюнча: 2025-жылга 708,9 млрд сом планга коюлган.
Бүгүн 8 айдын жыйынтыгы боюнча 2025-жылга бекитилген бюджет толугу менен аткарылгандыгын расмий түрдө билдирем жана жылдын аягына чейин 1 трлндон ашат деп болжолдоп жатабыз”, – деди Касымалиев.