Кадамжайда мыйзамсыз жер бөлүштүрүү фактысы боюнча иш козголду

 Кадамжайда мыйзамсыз жер бөлүштүрүү фактысы боюнча иш козголду

Кадамжайда мыйзамсыз жер бөлүштүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына каршы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Прокурордук текшерүүдө аныкталгандай, айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери КР Жер кодексинин жана өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун талаптарын одоно бузушкан. Тактап айтканда, кезек сакталбастан жана кыймылсыз мүлкү бар 200дөн ашык жаранга мыйзамсыз түрдө жер участоктору бөлүнүп берилген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост