Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогулда бир катар объекттер пайдаланууга берилет

Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогул районунда жаңыдан курулган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептер, ошондой эле өндүрүш тармагындагы бир катар объектилер пайдаланууга берилет.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы окуу жылынын башталышына карата эки жаңы мектептин имараты ачылат. Алар:
- Өзгөрүш айылындагы №36 А. Ибраимов атындагы орто мектеби, республикалык бюджеттин эсебинен 86 млн сом бөлүнгөн;
- Арал айылындагы Тешебаев атындагы орто мектебинин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен 101,2 млн сом акча каражаты жумшалды.
Капиталдык оңдоодон өткөн эки мектеп пайдаланууга берилет:
- Үч-Терек айылындагы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн №29 М. Нургазиев атындагы мектебинин имараты. Мекемеге жалпы 73 млн 193 миң сом бөлүнгөн;
- Бала-Чычкан айылындагы №8 А. Иманбаев атындагы мектеби, капиталдык оңдоого 64 млн 763 миң сом бөлүнгөн.
Жыл аягына чейин дагы эки мектеп ишке берилет:
- А. Суеркулов айыл аймагына караштуу Төркөн айылындагы №27 А. Мамыров атындагы мектеп (сметалык баасы 109 млн сом);
- Толук айылындагы №24 Каныша атындагы орто мектеби.
Ошондой эле курулуш иштери улантылып жаткан объектилер:
- Бууракан айылындагы жаңы №38 Термечиков атындагы мектеп имараты;
- Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы мектептин кошумча корпусу;
- Торкен айылындагы №27 А. Мамыров атындагы мектептин курулушу ноябрь айында толук бүткөрүлөт.
Спорт тармагында:
- Токтогул районунун борбордук стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат, жалпы сметалык баасы 232 млн сомду түзүп, пайдаланууга берүү алдында турат.
Өндүрүш жана энергетика тармагында:
- 2024-жылы кубаттуулугу 9 МВт болгон Кайнама чакан ГЭСи ишке берилген;
- 2025-жылдын декабрь айында кубаттуулугу 4,5 МВт болгон Кайнама-2 чакан ГЭСи пайдаланууга берилет, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат;
- Үч-Терек айылында бетон заводу ачылып, толук кандуу иш алып барууда.
Токтогул районунда ишке ашып жаткан бул долбоорлор жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошмокчу.