Бишкектеги жол оңдоо иштерин 20-октябрга чейин бүтүрүү керектиги айтылды

Бишкекте жол оңдоо иштерин тездетүү жана 20-октябрга чейин толук бүтүрүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте жолдорду кыдырганга билдиргенин муниципалитеттен кабарлашты.

Мэриянын маалыматы боюнча, бир катар көчөлөрдөгү оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди:

– Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилиши;

– Дэн Сяопин проспекти менен Ю.Фучик көчөсүнүн кесилиши;

– Сельповская көчөсү Дэн Сяопин проспектинен Серпухов көчөсүнө чейин;

– 9-январь көчөсү Месарош көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейин;

– Волков көчөсү, 1Б (аскердик шаарча);

– Ы.Абдрахманов – Саймойленко көчөлөрүнүн кесилиши.

Мындан тышкары, Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки Москва көчөсүнүн жөө жүргүнчүлөр жолунун оңдолушу да каралды.

Кыдыруу маалында тургундар Москва көчөсүндөгү уруксатсыз курулуштар боюнча мэрге кайрылышты. Жеринен эле объекттин ээси жана ижарачылары менен иштер жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар болсо, чара көрүү тапшырмасы берилди.

Шаар башчысы Ауэзов – Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көпүрөнүн курулушун да көрүп чыкты.

Өз кезегинде жол инспекторлору оңдолуп жаткан көчөлөрдө жол кыймылын жөнгө салуу иштерин күчөтүп, тыгындарга жол бербөө керектиги белгиленди.

Район акимдерине чарба субъекттер менен иш алып барып, имараттардын сырткы көрүнүшүн шаардык дизайн-кодго ылайык келтирүү, жол оңдоо менен катар эле жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Связанный пост