Миң-Кушта ЖЭБге тиешелүү дээрлик 3 га жер мамлекетке кайтарылды

Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы ЖЭБке тиешелүү 2,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул утуралуу УКМКдан билдиришти.
СССР учурунда кубаттуулугу 52 Гкал/саат болгон жылуулук электр борбору мурдагы “Оргтехника” комбинатынын өндүрүштүк объектилерин, ошондой эле Миң-Куш айылындагы социалдык жана турак жай объектилерин жылуулук менен камсыз кылып турган. Жылытуу үчүн отун катары күрөң көмүр колдонулган.
ЖЭБ 1994-жылы “Оргтехника” заводунун иши токтотулгандан кийин катуу отундун жана күйүүчү-майлоочу каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу Нарын электр тармактар ишканасынын (НЭТИ) балансына өткөрүлүп берилген. 2001-жылы ошол эле Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан талап кылынбагандык шылтоосу менен “мурдагы Миң-Куш ЖЭБинин талап кылынбаган мүлктү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө” келишиминин негизинде “Электротехсервис-ТАТ” ЖЧКсына өткөрүлүп берилген, анын директору Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Р.Т.Р. болгон.
Келишимдин шарттарына ылайык, “Электротехсервис-ТАТ” ЖЧКсы 2005-жылга чейин ишкананы калыбына келтирүү жана 15ке чейин жумушчу орундарын түзүү менен ЖЭБди ишке киргизүү үчүн 20 млн сомдук көлөмдө инвестиция тартууга милдеттенген.
Келишимдин башка шарттарына ылайык, өз милдеттерин аткарбаган учурда “Электротехсервис-ТАТ” ЖЧКсы объектини мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттүү болгон.
Бирок, 2023-жылдын февраль айында “Электротехсервис-ТАТ” ЖЧКсы алган милдеттенмелерин аткаруунун ордуна, алып-сатуу келишиминин негизинде ЖЭБди Миң-Куш айылынын тургунуна Т.Т.Б.га сатып жиберишкен.
Белгилей кетсек, ЖЭБдин жабдууларынын бир бөлүгү “Электротехсервис-ТАТ” ЖЧКсынын балансында турган мезгилде сатылып, айрым мүлктөрү жергиликтүү тургундар тарабынан таланып кеткен.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Миң-Куш айылындагы ЖЭБдин жер тилкеси тиешелүү актынын негизинде Миң-Куш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.