Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген 17 га жер мамлекетке кайтарылды
Жети-Өгүз районуда мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 17 га жер мамлекетке кайтылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдан 2024-жылга чейинки аралыкта Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан, Кызыл-Суу айылынын жашоочуларына 9 га жер тилкесин, көп жылдык мөмө-жемиш бактары отургузулган делген шылтоо менен бир топ мыйзам бузуулар аркылуу жеке менчикке чыгарылган.
Ушундай эле факт боюнча 2018-жылы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары райондун тургундарынын бирине 8 га жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып беришкен. Бирок, жеке менчикке өткөн учурдан бүгүнкү күнгө чейин ал жерлерде өнүктүрүү, жакшыртуу боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тиешелүү жарандар мамлекеттин жерлерине ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын мойнуна алышып, ыктыярдуу негизде жер тилкелерин Жети-Өгүз районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтарып беришти.
Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өткөн жер тилкелерин аныктоо жана аларды кайра мамлекетке кайтаруу боюнча иштер уланууда.