Барскоон суусунун нугун мыйзамсыз өзгөртүүдөн мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Барскоон суусунун нугун мыйзамсыз өзгөртүүдөн мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Барскоон айылынын тургуну Т.К.Ш. тарабынан берилген арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Барскоон айыл аймагынын №15 контурунда Барскоон суусунун Ысык-Көлгө кошулган куймасынын нугун мыйзамсыз жасалма өзгөрткөн учур катталды.
Бул аймак суу коргоочу зонага кирет жана аянты 1600 чарчы метрди түзөт.
Аныкталган мыйзам бузуунун негизинде мамлекетке төмөнкүдөй зыян келтирилген:
- жер кыртышына келтирилген зыян – 1 568 980 сом;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян (чычырканак токоюн жок кылуу) – 941 103,36 сом.
Жалпы зыяндын көлөмү 2 млн 510 миң сомду түздү.