Кыргызстанда $10 млн ашык инвестиция салгандар менен жекече келишимдер түзүлөт

 Кыргызстанда $10 млн ашык инвестиция салгандар менен жекече келишимдер түзүлөт

Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу максатында ири бизнести стимулдаштыруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлүүдө.

Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинен билдиргендей, “Кыргызстандагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамдын жоболоруна ылайык, инвесторлорго министрлер кабинети менен түздөн-түз жекече инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилген.

Бул норма кеминде 10 млн доллар өлчөмүндө инвестиция салууга даяр, ошондой эле төмөнкүлөргө ээ болгон инвесторлорго колдонулат:

  • эл аралык бизнес-репутациясы бар;
  • ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда уникалдуу билими жана тажрыйбасы барларга.

Инвестициялык келишимдин алкагында инвесторлорго төмөнкүдөй артыкчылыктар берилиши мүмкүн:

  • салыктык жана бажы жеңилдиктери жана преференциялар;
  • негизги кызматкерлер үчүн визалык колдоо;
  • долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин тандоого жана жол-жоболоштурууга көмөк көрсөтүү.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду кызматташууга чакырат жана инвестициялык демилгелерди арыз берүүдөн баштап, долбоорду ишке ашырууга чейинки бардык этаптарда толук коштоп берүүгө даяр.

Связанный пост