Өлкөнүн бардык аймактарында жол белгилери жаңыланууда
Өлкөнүн бардык аймактарында эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылууда.
Белгилей кетсек, Транспорт министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана тарабынан жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 7 227 жол белгиси чыгарылды.
Мындан тышкары, жолчулар тарабынан жол сызыктарын чийүү, аялдамаларды актоо сыңдуу жалпы жол тейлөө иштери жигердүү жүрүп жатат.