Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартиби бекитилди

 Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартиби бекитилди

Министрлер кабинети Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартибин токтом менен бекитти.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул токтом калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аймагында кургак учуктун жайылышын алдын алуу, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР мыйзамынын 117-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Токтом Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.

Связанный пост