Түп районунда реабилитациялык борбордун курулушу башталды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн заманбап реабилитациялык борбордун курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө минкаб башчысы капсула салуу жарандардын аярлуу катмарын колдоого багытталган маанилүү социалдык долбоордун башталышынын символу экенин белгиледи.
“Бүгүн биз майыптар үчүн заманбап реабилитациялык борбордун курулушун расмий түрдө баштайбыз. Бул өзгөчө колдоого муктаж адамдарга боорукердикке жана камкордукка болгон кадам. Мындай демилгелердин ишке ашырылышы өлкөнүн экономикасынын өсүп-өнүгүшүн ачык көрсөтүп турат. Акыркы мезгилге чейин фельдшердик-акушердик пункттун ачылышы чоң жетишкендик катары эсептелип, бүгүнкү күндө биз жыл сайын жүздөгөн ишканаларды, социалдык объектилерди куруп жатабыз. Президенттин ырааттуу саясатынын аркасында инвестиция көбөйүп, жаңы мектептер, ооруканалар, турак-жайлар курулуп, экономикалык өсүү темпи көптөгөн мамлекеттердин көрсөткүчтөрүнөн ашып кетти”, – деди ал.
Реабилитациялык борбордун курулушу жеке инвесторлордун эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоорду 2026-жылы бүтүрүү пландалууда.
Реабилитациялык борбор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга медициналык, психологиялык жана социалдык кызматтарды көрсөтөт. Борбордо тиешелүү инфраструктура түзүлөт.
Мындан тышкары, жумуш сапарынын алкагында минкаб башчысы Түп айылындагы сейил бакка барды. Паркты реконструкциялоонун алкагында заманбап арка орнотулуп, айылдык китепкананын жаңы имараты курулуп, балдар аянтчалары орнотулуп, маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн ачык сахна түзүлүп, фонтандар жаңыланып, газондор тигилип, заманбап жарыктандыруулар орнотулду.