Таласта раймонд сортундагы коондун экинчи түшүмү жыйналууда

Таласта раймонд сортундагы коондун экинчи түшүмү жыйналууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Манас районунун Талас айылында дыйкан Шерсултан Кыргызбаев өзүнө таандык 90 гектар айдоо аянтында раймонд сортундагы коон өстүрүүдө. Ал бир таңгак үрөнүн 6 миң 500 сомго сатып алып, быйылкы жылдын эсебинен экинчи түшүмүн жыйноодо.
Мурда бул айдоо аянтында кулпунайдын альбион сортун эгип келген дыйкан, быйыл жаңы сортту сыноону чечкен. Натыйжасы абдан жакшы болуп, түшүмдүүлүк жогору болууда. Айдоо жеринде тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулуп, бул сууну үнөмдөөгө жана мол түшүм алууга шарт түзгөн.
Орточо эсеп менен гектарынан 20 тоннадан ашык коон алуу мүмкүн. Учурда 15 тоннадай коон сатылып, калганы базар баасында сатыкка чыгарылууда. Дыйкан продукциясын дүңүнөн жана чекене түрдө 1 килограммын 35 сомдон өткөрүүдө.
Белгилей кетсек, Манас районунда учурда 37 кооператив иштеп, жердин асылдуулугун арттыруу жана өндүрүштү көбөйтүү аркылуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Соңку жылдары мамлекет тарабынан, анын ичинде Айыл чарба министрлиги тарабынан кооперативдерге арзан пайыздагы насыялар берилип, заманбап техника, үрөн жана агротехнологиялар менен камсыз кылуу боюнча колдоолор көрсөтүлүүдө.
Шерсултан Кыргызбаев башка дыйкандарга да коон өстүрүү кирешелүү тармак экенин белгилеп, мамлекеттик колдоолор менен мындан да жогорку натыйжаларга жетүүгө болорун кошумчалайт.