Адылбек Касымалиев менен Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келген Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана транзиттик-транспорттук чөйрөлөрдө талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилени чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалды белгиледи. Ал ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу кыргыз-иран кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.

Тараптар түрдүү деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын оң динамикасын, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында Тегеран шаарында өткөн Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын белгилешти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз-иран инвестициялык кеңсесин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө алкактык меморандумга кол коюлганын кубаттап, аны тез арада ишке киргизүүнү кааларын билдирди.

Өз кезегинде Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз-иран инвестициялык кеңсесин түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ирандын Биринчи вице-президенти биргелешкен комитеттин биринчи отурумун өткөрүүнү сунуштады.

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында иран тарап эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын жандандырууну сунуштады. Бул чара ишкердик байланыштарды бир топ жөнөкөйлөтөт жана тездетет, туристтердин агымын жана маданий алмашууну көбөйтөт.

Мохаммад Реза Ареф ошондой эле аймактык деңгээлде алакаларды тереңдетүү үчүн эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүүнү сунуштады. Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост