Олжас Бектенов ЕАӨКтүн жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга сапар менен келди.
Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.