Чолпон-Атада Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин расмий жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин расмий жолугушуу аземи Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда өттү.
“Рух Ордо” маданий борборунун флагштокторуна Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилди.
Өкмөт башчылар учурашкандан соң, эки өлкөнүн гимндери жаңырып, андан кийин жүрүш жасалды.
Салтанаттын жүрүшүндө өкмөт башчылар тууга таазим кылышты. Россия өкмөтүнүн төрагасы кароолго кайрылып, учурашты.
Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.
Тосуп алуу аземинен кийин делегациялардын башчылары Ч. Айтматов атындагы үй-музейине кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн өтүштү.