Өлкөдө 2021-жылдан бери жол тармагына 101,7 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн

2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.
Коллегия министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өттү.
Ал бүгүнкү күндө транспорт жана жол тармагындагы абалды кылдат талдап, реалдуу көйгөйлөрдү ачык айтууга убакыт жеткенин, анткени президент Садыр Жапаров бул тармакка өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
“Маселен, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындай ири каражаттын эсебинен акыркы 5 жылда 3 048 чакырымдан ашык жол жана жасалма курулмалар курулуп, 2 453 км жолго асфальт төшөлдү. Көп жылдан бери созулуп келген бир катар жолдордун курулушу ордунан жылды”, – деди Төрөбаев.