Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалда эки көзүнөн жаракат алган аскерге каржылык колдоо көрсөттү
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат районунун тургуну Элдияр Төлөновду кабыл алып, каржылык колдоо көрсөттү.
Атайын кызматтан билдиришкендей, ал 2022-жылы Баткен чек ара жаңжалында көзүнө жарылгыч заттын учкуну чачырап, эки көзүнөн жаракат алган.
Белгилей кетсек, Төлөнов Элдияр Таалайбекович 2021-жылы Куралдуу күчтөрдүн Аскердик иниститутун аяктап, 2021-2022-жылдары ИИМдин Ички аскерлеринин Баткен бөлүмүнүн батальондорунун биринин командири, андан соң ротанын командиринин орун басары болуп мамлекетке кызмат өтөгөн.
2022-жылы Баткен районундагы чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алып, Туркиядан, андан соң Москва шаарынан дарыланып келет.
Элдияр Төлөновдун 1-топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин Мамлекет тарабынан 1 млн 794 миң сом бөлүнүп, андан тышкары Бишкек шаарынан батир берилген. Учурда Элдияр Төлөновго ай сайын 15 765 сом жана майыптуулук боюнча 7000 сом пенсиялар төлөнүп турат.
Камчыбек Ташиев ушундай эл жерин коргогон чыныгы офиццер, патриот уулду тарбиялап өстүргөн Элдияр Төлөновдун ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирди.
Мындан нары дагы колунан келген жардамын аябастыгын, жардам токтобостугун айтып, ага ден-соолук тиледи.