Ош облусунда жер титиреди

Ош облусунун аймагында бүгүн саат 00:31де жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Талды-Суу айылынан 5 чакырым түндүк тарапта, Ош шаарынан 90 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Талды-Суу айылында 3 балл, Сары-Могол жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.