Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн саат 09:58де Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралу “Кабар” маалымат агенттигине Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында, Араван айылынан түндүк-чыгышка карай 20 чакырым, Ош шаарынан түндүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Араван, Күчүбаева, Найман айылдарында – 4 баллга жакын, Ош, Кара-Суу, Кызыл-Кыя шаарларында, Ноокат, Жаңы-Ноокат, Кыргыз-Чек, Кашкар-Кыштак, Шарк, Нариман, Большевик жана башка айылдарында 3 баллга сезилген.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост