Ош облусунун аймагында 566 мыйзамсыз курулуш буздурулду

 Ош облусунун аймагында 566 мыйзамсыз курулуш буздурулду

Ош облусунда мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер мыйзам чегинде, жарандарга алдын ала эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин аткарылууда.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча 711 мыйзамсыз курулуштар аныкталып, анын ичинен 566сы буздурулду.

Бул иштердин негизги максаты – коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жана мыйзамды сактоо болуп саналат.

Связанный пост