Энергетика министри Таластын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусунун алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Талас электр тармактар ишканасынын директору Акылбек Султановдун маалыматына ылайык, учурда Талас облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 70 пайыз даяр.
2025-жылга белгиленген планга ылайык Талас облусу боюнча жалпы 22 839 даана “акылдуу” электр эсептегич орнотулду. Ошондой эле 8 даана жаңы комплектүү трансформатордук пункт ишке киргизилди”, – деди ал.
Мындан тышкары, трансформатор алмаштырылып, кубаттуулугу жогорулатылгандыгы, 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгыларын реконструкциялоонун алкагында 140 даана жаңы мамы, 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоодо 134 даана темир-бетон мамы орнотулуп, жалпы 3,7 км СИП-3 зымы тартылдыгы айтылды.
Ал эми жаңы 10 кВ СИП-3 аба чубалгысын куруу иштеринде учурда 40 даана темир-бетон мамы орнотулуп, 86 даана трансформатор капиталдык ремонттон, 621 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөндүгү белгиленди.
Министр айтылган маалыматтарды жеринде текшерип, аны менен бирге тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырларды берди.