Нарында 24 миңден ашык “акылдуу” электр эсептегич орнотулду

 Нарында 24 миңден ашык “акылдуу” электр эсептегич орнотулду

Жыл башынан бери Нарын облусунун аймагында 24 144 “акылдуу” электр эсептегич орнотулду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Ак-Талаа районуна – 5014;
  • Ат-Башы районуна – 6547;
  • Жумгал районуна – 5385;
  • Нарын районуна – 2870;
  • Тогуз-Торо районуна – 4328.

Негизинен быйылкы жылга карата облустун аймагында жалпы 33 600 даана электр эсептегич орнотуу каралган. Ал эми 2022-жылдан бери 44 миң 45 даана “акылдуу” электр эсептегич орнотулду.

Связанный пост