Ош шаарына жаңы 120 атайын техника сатып алынды

Ош шаарына жаңы 120 атайын техникалар сатып алынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул үчүн президент Садыр Жапаров мамлекеттик турукташтыруу фондунан 500 млн сом бөлүп берген. Каражатка муниципалдык ишканалар үчүн жалпы 120 даана 21 түрдөгү атайын техникалар сатып алынды.
Белгиленгендей, учурда техникалар толук алып келинип, шаардын борбордук аянтына тизилип жатат. Алар шаар көчөлөрүн жууп тазалоо, шыпыруу, кышкысын жолдордогу карды күрөө, туз себүү сыяктуу жумуштарга тартылып, тиешелүү ишканаларга бөлүштүрүлөт.
Андан тышкары, автовышкалар, крандар, SANY, SHACMAN сыяктуу оор жүк ташуучу унаалар, жолго асфальт төшөөчү техникалар бар. Жакынкы күндөрү расмий тапшыруу аземи өтөт.