Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кореянын Улуттук Ассамблеясынын делегациясын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Хан Чжон Э баштаган Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Корея Республикасы Азия-Тынч океан аймагындагы Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, акыркы жылдары эки мамлекеттин кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Айрыкча парламенттер аралык байланыштар активдүү уланып, биргелешкен иш-чаралар байма-бай уюштурулуп жатканын айткан Төрага бүгүн Бишкекте башталган суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин кезектеги жыйыны буга мисал экенин эске салды.

”Иш-чара жогорку деңгээлде өтөрүнө жана жолугушуунун жыйынтыгында Азия чөлкөмүндөгү кызматташтыктын жаңы багыттары аныкталарына терең ишенем. Биз бул платформаны өнүктүрүп, кыргыз-корей өнөктөштүгүнүн бир мисалы катары жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек. Анткени, парламенттер аралык диалогдун алкагында биз суу ресурстарын сактоо боюнча жакшы демилгелерди талкуулап, аларды ийгиликтүү ишке ашыра алабыз”, – деди Төрага Нурланбек Тургунбек уулу.

Ошону менен катар эки тараптуу иш сапарлар байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзүп жатканын билдирген Төрага “Борбордук Азия+Корея” форматындагы жолугушуулар да ийгиликтүү өтүп жатканына токтолду.

Андан тышкары, эки мамлекет ортосундагы соода байланыштар соңку жылдары рекорддук чекке жеткенин жана аны дагы улантуу керектигин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Биз инфраструктура, транспорт, өнөр жай, санариптештирүү, тоо-кен жана текстиль тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, экономикалык кызматташтыкты да натыйжалуу улантууга кызыкдарбыз. Анткени, аталган тармактарда мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп. Бул үчүн Кыргыз-Корей өкмөттөр аралык комиссиясы да активдүү иш алып баруусу кажет”, – деди.

Өз кезегинде Хан Чжон Э да кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерине токтолуп, анын ичинен биргелешип жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу сөз кылды.

Муну менен катар суу ресурстарын коргоо жана климаттагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип: “Кыргызстан чөлкөмдөгү биздин негизги өнөктөштөрүбүздүн бири. Бизде алакаларды арттырууга багытталган чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Экология тармагынан тышкары, экономика жаатында да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз”, – деди.

Связанный пост