ОСАГО: 1-июлдан тарта 41 миң 277 унаага полис алынган

 ОСАГО: 1-июлдан тарта 41 миң 277 унаага полис алынган

ОСАГО полиси коңшу өлкөлөрдө 20 жылдан бери колдонулуп келсе, Кыргызстанда ал 2016-жылы мыйзамдуу түрдө киргизилген. Башында айып пул каралбаса да, кээ бир жарандар полисти өз каалоосу менен алып колдонуп келишкен. Ал эми айып пул тууралуу мыйзам күчүнө киргенден тарта полис алгандардын саны дагы да көбөйгөн.

Өлкөдө ОСАГО полиси жокторго мыйзам чегинде айып пул салуу иштери 1-июлдан тарта күчүнө кирди. Буга чейин жарандарга убакыт берилип, эскертүү жана маалымдоо, жол көрсөтүү кампаниялары активдүү жүргүзүлүп, учурда да уланууда.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбековдун билдирүүсү боюнча, 1-июлдан тарта бүгүнкү күнгө чейин 41 миң 277 автоунаага ОСАГО полиси алынган.

Муну менен бирге эле өлкөдө 1-январдан бүгүнкү күнгө чейин 176 автоунаа жол кырсыгына кабылып, 15 млн 340 миң сомдук чыгым келишим боюнча үчүнчү жактарга төлөнүп берилген.

Ал эми бул көрсөткүчтөр аймактар боюнча төмөндөгүдөй болгон:

  • Жалал-Абад – 161 750
  • Ысык-Көл – 307 450,00
  • Нарын – 480 000
  • Ош – 33 275,00
  • Баткен – 0,00
  • Талас – 150 000,00
  • Чүй – 3 898 377,00
  • Бишкек шаары -10 309 688,98

Белгилей кетсек, ОСАГО полиси – бул автунаа ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу. Жарандар кайсы бир себептер менен кырсыкка кабылган учурда камсыздандыруу компаниясы полистин негизинде чыгымдарды үчүнчү жактарга төлөп берет. Бул учурда биринчи жак – кырсыкка күнөөлүү деп табылган айдоочу, экинчи жак – компания, ал эми үчүнчү жак – жабыр тарткандар.

Ал эми камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегинде.

Жарандар ОСАГО полисин уюмдун кеңсесинен жана анын бардык филиалдарынан, административдик жана муниципалдык участкалардан алууга болот. Ошондой эле ал үчүн strahovanie.kg сайтына же Мбанк, MegaPay, О-Деньги жана “Түндүк” тиркемелеринен онлайн катталып алуу жолдору каралган.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост