Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам жогоруда белгиленген Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.
Бул Макулдашууда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташууну кошо алганда, үзгүлтүксүз каттамдарды аткаруу үчүн укуктук негиздерди түзүү каралган. Түз аба каттамынын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы бардык негизги багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө түрткү болот.