Бишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өттү

Бишкекте кыргыз-монгол бизнес форуму жана В2В форматындагы бир катар жолугушуулар өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулду.

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова форум эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты практикалык өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калганын баса белгиледи.

Кыргызстан менен Монголияны көчмөндөрдүн жалпы мурасы жана маданий салттары бириктирип турат. 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай тараптар маданий гана эмес, экономикалык алакаларды да бекемдөөнү пландаштырышууда.

Форумдун алкагында үзгүлтүксүз ишкердик байланыштар, долбоорлор менен алмашуу жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү үчүн жумушчу аянтча боло турган кыргыз-моңгол Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Форумга эки өлкөнүн IT, айыл чарба жана тамак-аш тармактары, логистика жана транспорт, туризм жана ага тиешелүү тармактарды көрсөткөн алдыңкы компаниялары катышты.

Связанный пост