Тамчыда чек арачыларга кызматтык үйлөр тапшырылды
Бүгүн Тамчы айылында Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн атайын курулган эки көп кабаттуу турак жайдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, мында 51 аскер кызматкеринин үй-бүлөсү жаңы, ыңгайлуу жана заманбап батирлерге ээ болушту. Жаңы үйлөрдүн короосунда балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы жана жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган.
Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, батирлердин ачкычтарын өзү тапшырды.
“Мамлекеттик чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу шарт түзүү — мамлекеттин артыкчылыгы. 1-июлдан тарта офицерлердин айлыгы 20 миң сомго жогорулады. Октябрда башка аскер кызматкерлердин да маянасы көтөрүлөт”, – деди ал.