Жүрөк хирургиясы жана орган алмаштыруу илим-изилдөө институту 225 млн сомго меджабдуу сатып алат

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 255 млн 982 миң 500 сом бөлүндү.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындай чечим аталган илим-изилдөө институтунда 2025-жылдын 11-февралында чыккан өрттөн кийин аны үзгүлтүксүз иштетүү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү кайра баштоо максатында кабыл алынды.
Саламаттык сактоо министрлигине финансылык каражаттардын белгиленген тартипте максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды.