“Кыргызстан аэропортторунда” 800 млн сомго жакын каржы бузуулар аныкталды

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын (азыркы аталышы “Кыргызстан аэропорттору” ААК) ишине шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, аудит 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгын камтыйт.

Аудиттин жыйынтыгында калыбына келтирилген сумманы эске алуу жана 794 млн 142,7 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш бузууларды белгилөө жана эскертүү менен отчет кабыл алынды. Анын ичинде:

  • төлөмдөрдү туура, толук жана өз убагында жүргүзүлүшүн, алар боюнча туумдардын жана айып пулдардын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча көрүлбөгөн чаралар — 28 млн 976,7 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар — 543 млн 843 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар — 941,6 миң сом;
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу — 5 млн 719,9 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу — 211 млн 476,1 миң сом;
  • мүлктү белгиленген багыты жана/же аны сатып алуудагы максаттарына ылайык эмес пайдалануу — 1 млн 933,2 миң сом;
  • мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо ) кем чыгуусу — 6,4 миң сом;
  • дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар — 1 млн 245,8 миң сом.

Связанный пост