Кытайдан мототранспортту мыйзамсыз ташуу каналы аныкталды

 Кытайдан мототранспортту мыйзамсыз ташуу каналы аныкталды

Кытайдан мопеддер, скутерлер, мотоциклдерди мыйзамсыз ташып келүүгө байланышкан масштабдуу коррупциялык схеманы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мамлекетке келтирилген материалдык зыяндан тышкары, бул аныкталган схема коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурат. Анткени текшерүүсүз жана катталбастан алып келинген жогорку кубаттуулуктагы мототранспорт каражаттары техникалык талаптарды сактабай, көзөмөлсүз иштетилет. Натыйжада, жол-транспорт кырсыктарынын жана жолдордо тартип бузуулардын тобокелдиги жогорулоодо.

Аларды алып келүүдө бажы төлөмдөрүн милдеттүү түрдө төлөөдөн качуу үчүн кыймылдаткычтардын көлөмү атайылап 49 куб см чейин төмөндөтүлгөн. Иш жүзүндө көпчүлүк транспорт каражаттарынын көлөмү 145 куб сантиметрден ашкан.

Схемада негизги ролду эксперттик уюм ойногон, анын адистери фактылык изилдөөлөрдү жүргүзбөстөн 2500 сомдон баштап акчалай сыйлыкка жалган корутунду беришкен.

2024-жылдын августунан 2025-жылдын июлуна чейин бул уюм жалган маалыматтар менен 4 388 корутунду чыгарган.

Юстиция министрлигине караштуу  Соттук-эксперттик кызматынын расмий корутундусуна ылайык,  кыймылдаткычтардын чыныгы көлөмү 147,9 куб см болгон.

Мыйзамсыз алынып келген мототранспорт каражаттары интернет аркылуу Бишкекте, Чүй облусунда жана башка аймактарда сатылган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 48 млн 158 миң 300 сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, жогорудагы уюмдун директору 1977-жылы туулган Б.Г., ээси 1973-жылы туулган К. А.  жана эксперт 1979-жылы туулган С. К. кармалды.

Алар камакка алынып, учурда тергөө амалдары уланууда.

Связанный пост