Ата-энелер чет өлкөдө туруп балдарын мектепке каттата алышат

 Ата-энелер чет өлкөдө туруп балдарын мектепке каттата алышат

Быйылкы мектепке каттоо системасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген. Ата-энелер азыр каалаган жерде, жада калса чет өлкөдө туруп балдарын мектепке каттата алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Мектептеги, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусейинова аталган министрликте өткөн брифинг учурунда билдирди.

“Учурда 1- жана 2-класстын окуучулары жаңы окуу жылына катталып жатышат. Электрондук каттоо ата-энелерге жеңилдик берүү максатында киргизилген. Алардан үч гана кадам талап кылынат – системага кирүү, мектепти жана окуу тилин тандоо. Мында коррупцияны минималдаштырууга дагы шарттар түзүлгөн. Анткени, мурдагыдай тааныш издөөнүн кереги жок”- деди ал.

“Каттоо эки этап менен өткөрүлүүдө. Быйылкы каттоо системасынын өзгөчөлүгү катары биринчисинде балдар юридикалык жактан каттоодо турган микроучастокко караштуу мектепке катталышты. Экинчисинде ата-энелер балдарын орун бар мектептерге каттатып жатышат.

Айта кетчү нерсе, жобого ылайык, 4 категорияга жеңилдиктер каралган. Аларга кызматка байланыштуу ротация болуп туруучу аскер кызматкерлеринин, кайрылмандардын, мугалимдердин балдары, андан сырткары эгиз балдарга жалпы квотадан 10%дык жеңилдиктер каралган”, – деп кошумчалады Кусейинова .

Жетекчи ошондой эле балдарын мектепке каттатууда кыйынчылыктарга тушугуп жаткан ата-энелерге төмөндөгүдөй кеңештерди берди:

“Каттоо системасындагы маалыматтардын баары ачык. Кандайдыр бир техникалык маселелер жаралса консультация бере турган аймактык билим берүү бөлүмдөрүндө жооптуу адисетр. Ошондой эле 110 номерине чалып кеңеш алууга болот”, – деди.

Связанный пост