Жээнбек Кулубаев КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон жамааттык жыйынына катышты
Пекин шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты.
Жолугушууда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактагы тынчтык, стабилдүүлүк жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди.
КЭР Төрагасы өз сөзүндө 2024–2025-жылдары ШКУдагы кытай төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруп, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесин өзгөчө белгиледи.
Жолугушууга ошондой эле Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары катышты.