Moody’s Кыргызстандын рейтингин “Позитивдүү” деңгээлине жогорулатты

 Moody’s Кыргызстандын рейтингин “Позитивдүү” деңгээлине жогорулатты

Moody’s рейтингдик агенттиги Кыргызстандын эгемендүү кредиттик рейтингине болгон божомолун кайра карап чыгып, аны “Туруктуу” деңгээлинен “Позитивдүү” деңгээлине өзгөрттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашкандай, эмитенттин узак мөөнөттүү рейтинги B3 деңгээлинде тастыкталды.

Moody’s агенттигинин баалоосуна ылайык, божомолдун өзгөртүлүшү өлкөнүн макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын, ошондой эле экономиканын потенциалдуу өсүү ылдамдыгынын жогорулашын чагылдырат. Бул көрсөткүчтөргө жетишүү негизги реформалардын ишке ашырылышы, экономиканын тармактык диверсификациясы жана инфраструктурага активдүү инвестициялар аркылуу мүмкүн болду.

Агенттик өзгөчө мамлекеттик карыздын деңгээлинин төмөндөшүн белгилейт: 2020-жылы ИДПнын 64 пайызын түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 37 пайызга чейин азайган. Бул болсо өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бюджеттик мейкиндик бар экенин көрсөтөт.

Ошондой эле Moody’s агенттиги структуралык реформаларды улантуу, башкаруу сапатын жакшыртуу жана сырткы коркунучтарга туруктуулукту жогорулатуу маанилүү экенин баса белгиледи. Аналитиктердин баамында, бул багытта натыйжалуу саясат жүргүзүлсө, эгемендүү кредиттик рейтингдин жогорулашы мүмкүн.

Маалымат үчүн: 2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын Moody’s агенттиги тарабынан берилген суверендүү рейтингдин мүнөздөмөсү — «Туруктуу».

Кыргызстандын рейтингин кайра карап чыгуу алкагында Moody’s агенттигинин аналитиктеринин иш сапары 2025-жылдын 17-19-июнунда өткөн.

Связанный пост