Жарым жылда туризм тармагынан 160 млн сомдон ашык салык түштү

 Жарым жылда туризм тармагынан 160 млн сомдон ашык салык түштү

2025-жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан салыктык түшүүлөр 160,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда Кыргызстанда туризм тармагынан салыктык түшүүлөр алты эседен ашык көбөйдү. Бул мезгил аралыгындагы жыйымдардын жалпы суммасы 1,1 млрд сомду түздү.

2020-2025-жылдар аралыгында туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер төмөнкүдөй болду:

  • 2020-жылы — 49,3 млн сом;
  • 2021-жылы — 123,6 млн сом;
  • 2022-жылы — 200 млн сом;
  • 2023-жылы — 277,1 млн сом;
  • 2024-жылы — 336 млн сом.

Связанный пост