Кыргызстан менен GIZ тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну күчтөндүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Борбор Азиядагы климат, суу жана энергетика кластеринин координатору Фолькер Фробарттын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу алкагында учурдагы өз ара аракеттешүүнү жана кызматташуунун келечегин, анын ичинде тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, адаптациялык потенциалды бекемдөө жана климаттык күн тартибин илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
2027-жылы өтүүчү Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү алкагында, тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-чаралар, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбор Азия аймактык кызматташтыгын кеңейтүү, жашыл энергетиканы илгерилетүү, тоолуу жамааттарды колдоо жана экосистемаларды коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты илгерилетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.